БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда азиздер арасында интеллектуалдык сынак болуп өткөндүгүн муфтияттан билдирди.
Аталган сынактар "Мухсин-Нур" азиздер коому тарабынан уюштурулуп, катышуучулар Куран окуу, сүрөт табуу жана оозеки дуба айтуу боюнча күч сынашты.
Сынак учурунда катышуучуларга атайын сүрөт тартылган кагаздар берилип, сүрөт эмне жөнүндө экендигин ийне менен чегилген тамгалар аркылуу таап алуу тапшырмасы коюлган. Мындан сырткары, катышуучулар сезимталдуулугу жана жаттоо чеберчилиги аркылуу Куран сүрөлөрүн кагазга чегилген тамгалар менен окуп, оозеки сөздөрдү которуп кураштыруу жана дубаларды жатка айтуу менен көрүүчүлөрдү таң калтырышты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга Ош облустук мусулмандар казыятынын демөөрчүлүгү менен турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар тапшырылып, сый тамак уюштурулду.