Гуманитардык жана гранттык жардам кошумча нарк салыгынан бошотулду

© Sputnik / Джон Траст / Медиабанкка өтүүГуманитардык жүк. Архив
Гуманитардык жүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул гуманитардык жардам иретинде башка мамлекеттерден келген товарлар же кызматтар салыктын бир түрүнөн бошотуларын билдирет.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Гуманитардык жардам жана гранттар кошумча нарк салыгынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Унаанын ачкычы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Августтун аягына чейин унаа жана кыймылсыз мүлккө салык төлөбөгөндөр жазага тартылат
Президент Алмазбек Атамбаев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Аны парламент 30-июнда кабыл алган.

Кодекс 256-3 берене менен толукталып, анда социалдык маанилүү объектилер (СМО) жөнүндөгү макулдашууга ылайык келген товарлар же кызматтар кошумча салык кызматынан бошотулары каралган.

СМО жөнүндөгү келишим грант берүүчү, подрядчы жана товар жеткирүүчүнүн ортосундагы үч тараптуу документ болуп саналат. Анын бир тарабы мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органы болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0