Сынактан утулуп калган россиялык окуучуну КРге алып келүү демилгеленүүдө

© Фото / Алексей Назаров"ВКонтакте" сайтында болгон конкурска сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаров
ВКонтакте сайтында болгон конкурска сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстун жеңүүчүсү Кыргызстанга келүүдөн баш тарткан. Ал эми экинчи орунду алган Игорь Назаров Кыргызстанга келүүнү абдан самап жүргөнүн айткан эле.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары "ВКонтакте" сайтында болгон конкурска сазга батып сүрөткө түшкөн мектеп окуучусу Игорь Назаровду өз алдынча Кыргызстанга алып келүүнү демилгелеп жатышат.

Чечен республикасынын биринчи президенти Ахмад Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык активист Рамзан Кадыровго жип менен тартылган атасынын сүрөтүн тапшырат
Июнь айында "ВКонтакте" сайтында паблик "Как я встретил столбняк" тайпасында конкурс болгон. Катышуучулар адаттан тыш өзгөчө жерден өзгөчө сүрөткө түшүп, аны жарыялашы керек болчу. Жеңүүчү Кыргызстанга келип кетүүгө жолдомо же 15 миң рубль акчалай сыйлык алмак.

Конкурстун жыйынтыгында сазга батып сүрөткө түшкөн Назаров экинчи орунду алган. Жеңүүчү random сайты аркылуу аныкталып, Сергей Малой жеңүүчү болгон. Бирок ал Кыргызстанга келүүдөн баш тартып, акчалай сыйлыкты алган болчу.

Буга чейин Игорь Назаров Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде Кыргызстанга келүүнү самай турганын айткан.

Twitter социалдык тармагынын колдонуучусу ага жардам берүүгө даяр экенин жазды.

Facebook тармагынын башка колдонуучусу Назаровду Кыргызстанга алып келүү үчүн 200-500 сомдон чогултууга чакырды. 

Назаров сазга баткан сүрөтүн жарыялагандан кийин анын сүрөтү аябай талкуу жаратып, ылакапка айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0