Баткенде селден жабыр тарткан аймактарды ӨКМ башчысы кыдырып чыкты

© Фото / пресс-служба МЧСӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткенде катуу жаан-чачындан жабыркаган аймактарды кыдыруу учурунда
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткенде катуу жаан-чачындан жабыркаган аймактарды кыдыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тийиштүү органдар келтирилген материалдык чыгымды тактап жатат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткенде катуу жаан-чачындан жабыркаган аймактарды кыдырып, калыбына келтирүү иш-чараларын тездетүүнү тапшырганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жаратылыш кырсыгынан Баткенде жыйырмадан ашык үй кулап калуу коркунучуна келип, ички чарбалык жолдор бузулуп, сел алып кеткен.

"Жалпы Баткен облусу боюнча 23 турак үй авариялык абалга келип, 55 там көзөмөлгө алынды. Андан сырткары, 185 турак жайдын короолоруна, 53 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары 11,2 чакырым ички чарбалык жолдорду, 340 метр сугат каналды сел калдыктары баскан. 8 электр мамычалары авариялык абалга келип, алты көпүрө бузулган.

Учурда тийиштүү органдар келтирилген материалдык чыгымды тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0