Айыпкерди сабады делген милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү катуу сабап салышкан.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кылмышка шектүүнү сабаган делген милиция кызматкерлерине иш козголгонунун Башкы прокуратура билдирди. 

Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмил Каптагаевди барымтага алды делген 45 жаштагы жаран кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-июль күнү Бишкек ШИИБдин бир кызматкери жана Ленин РИИБдин эки кызматкери тергөө абагында убактылуу кармалып жаткан кылмышка шектүүнү тергөө амалдары үчүн аталган аймактан алып чыгып кетишкен.

Эртеси, 13-июль күнү кылмышка шектүү сабалгандыгын айтып, арыз менен кайрылган. Тез арада соттук медициналык экспертиза дайындалганы менен милиция кызматкерлери ага тоскоолдук кылып, мыйзамсыз аракеттерге барган. 

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынанан Кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу), 305-1-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0