БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Борбор калаада жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциянын каттоосунда турган балдардын арасында спартакиада башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш спорттун алты түрү — мини-футбол, стол тенниси, сууда сүзүү, дартс, бука тартыш жана таяк тартыш боюнча өтөт.
Турнирге Бишкектин төрт районунда каттоодо турган 15 жашка чейинки балдар катышат. Спорттук иш-чара шаардагы "Дордой" спорт комплексинде өтүп, 5-августка чейин уланат.