Бишкекте курулуп жаткан веложолдун картасы

© Sputnik / Табылды КадырбековВелосипед жүрүүчү айлампа. Архив
Велосипед жүрүүчү айлампа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштери 29-июлда башталып августтун аягында соңуна чыгат. Жолдун узундугу 1,5 чакырым болсо, туурасы үч метрге жетет.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери Жукеев-Пудовкин, Токомбаев көчөлөрү жана Байтик баатыр проспектиси менен чектешкен велосипед жүрүүчү айлампа жолдун курулушун баштады.

Бишкек мэриясы жол кайсы көчөгө түшөрүн тактап берди.

"Мында жол Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен Рысмендеев көчөсүн карай жогору кетет. Андан ары чыгышты көздөй Жукеев-Пудовкинге чейин созулуп, кайра Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнө түшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Курулуш иштери 29-июлда башталып августтун аягында соңуна чыгат. Жолдун узундугу 1,5 чакырым болсо, туурасы үч метрге жетет.

Карта "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0