УКМК кызматкеринин катыштыгы бар делген кылмыштын чоо-жайы ачыкка чыкты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБар. Архив
Бар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Андан соң уруша кетип, бирөөсү бычак менен экинчисин моюн тушка сайып жиберген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү киши өлтүрүүгө шектелген жаран маркум менен тааныш болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук ИИМ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКлар өздөрүнүн укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянуу менен шектелип жаткан киши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери экенин жазышкан.

"Эркектер спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Андан соң уруша кетип, бирөөсү бычак менен экинчисин моюн тушка сайып жиберген. Ал күрөө тамырга тийген. Жаракат алган киши Балыкчы шаарынын ооруканасында өзүнө келбей жатып каза болгон", — дейт Усубакунов.

Ал ошондой эле шектүү жаран изин жашырууга аракет көрбөгөнүн кошумчалады.

"Тез жардам менен милицияны алар менен чогуу отургандар чакырган. Азыр биз кармалган киши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери экенин так айта албайбыз. УКМКга сурам жөнөттүк. Жооп келери менен маалымат берилет", — деди өкүл.

Мамлекеттик комитет аталган окуя боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда.

Адам өлтүрдү деп шектелип жаткан жаран Бишкек шаарынын тургуну экени маалым. Ал эми каза болгон жаран Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургуну болгон. Учурда кармалган киши Ысык-Көл ИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бүгүн анын баш коргоо чарасын сот аныкташы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0