Баткенде селден улам 19 үй жарактан чыкты

Жазылуу
Табигый кырсык катуу жааган жаандан улам болгон. Учурда аймакты тазалоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов селден жабыркаган Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда кечке маал катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, турак жайларды, айдоо жер жана жолдорду суу каптаган. 

"Бардыгы болуп 93 турак үй кароодон өтүп, анын 19унун абалы кооптуу экени аныкталды. Дагы 43 там көзөмөлдө турат. 146 огород жарым-жартылай суу алдында калган. Айылдардын ичиндеги 9880 метр жолго зыян келтирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Боронов кырсык кесепеттерин жоюу иштери менен таанышууда. Учурда ал жерге Жарандык коргоонун өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар тазалоо иштерине тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0