Бишкектик жаран 21 жаштагы аялга 1,5 миң долларын алдатып жиберген

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну 1,5 миң долларын чала тааныш жаранга алдатып жиберген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда алданган жаран 29-июль күнү милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. 

"2016-жылдын июль айында арыз ээсинин ишеничине кирип 1,5 миң долларын алган жаран изин суутуп кеткен. Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта. 

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 21 жаштагы аял кармалып, тергөө убагында аталган жаран дагы ушуга окшош башка кылмышка тиешелүү экендиги аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0