Салыкчылар кыргыз тили боюнча билимдерин тереңдетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тилин үйрөнүү китеби. Архив
Кыргыз тилин үйрөнүү китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тил боюнча окутуу мамлекеттик органдарда Бириккен Улуттар Уюму менен Улуттук тил комиссиясынын иштеп чыккан долбоорунун негизинде ишке ашкан.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын 17 кызматкери кыргыз тили боюнча окуудан ийгиликтүү өтүп, сертификаттарга ээ болгонун мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. 

"2015-жылдын декабрь айынан тарта Салык кызматынын кызматкерлери акысыз курстарга катышып, кыргыз тили боюнча билимдерин тереңдетип келишет. Окутууда "Кыргызтест" системасы менен түзүлгөн А1, А2, В1, жана В2 деңгээлиндеги китептер колдонулат", — деп айтылат маалыматта.

Мындай окутуулар Бириккен Улуттар Уюму менен Улуттук тил комиссиясынын иштеп чыккан долбоорунун негизинде ишке ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0