"Кургак учук — IV" программасын ишке ашыруу үчүн 31 миллион доллар жумшалат

Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миңге жакын жаран кургак учукка чалдыгат, анын бир миңге жакыны балдар жана өспүрүмдөр.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Кургак учук — IV" программасын ишке ашыруу боюнча баяндамасын министр Талантбек Батыралиев өкмөттүн жыйынында айтып бергендиги тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда аталган программаны ишке ашыруу үчүн ар кайсы булактардан 31 миллион доллар жумшалуусу күтүлүүдө. 

"Ал эми жыл соңуна дейре кургак учук менен күрөшүү үчүн үч миллиард сомдон ашык каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миңге жакын жаран кургак учукка чалдыгат, анын бир миңге жакыны балдар жана өспүрүмдөр экенин министр белгилеп өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0