Ысык-Көлдө жол тандабастардын жарышы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГонки на внедорожниках Jeep sprint. Архив
Гонки на внедорожниках Jeep sprint. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарышка катышуу үчүн чет мамлекеттерден билдирмелер түшүп жатат, анын көпчүлүгү Россия менен Казакстанга туура келет. Катышуучулар жол тандабастар жана квадроциклдер менен жарышка түшүшөт.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол тандабастардын фестивалы өткөрүлөрүн Offroad-Kings автоунаалар клубунан кабарлашты.

Иш-чара облустун түштүк тарабында 2-6-август аралыгында өткөрүлөт. 

Жарыш программасына ТР-1, ТР-2 жана "Абсолют" үлгүсүндөгү унаалар менен квадроциклдер кирген. 

"Мындан тышкары уюштуруучулар келген конокторду жаратылыштын кооздугу менен тааныштыруу үчүн атайын туристтик каттамдарды даярдашкан", — деп айтылат маалыматта. 

Жарышка каатышуу үчүн чет мамлекеттерден билдирмелер түшүп жатат, анын көпчүлүгү Россия менен Казакстанга туура келет. 

Спорттук жана туристтик иш-чаралардан сырткары дискотека менен ар кандай оюндар уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0