"Зеленстрой" ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер отун таратат

© Фото / пресс-служба Мэрии города БишкекКыйылган дарактар. Архив
Кыйылган дарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал мэриянын алдындагы социалдык өнүгүү башкармалыгы түзгөн тизменин негизинде берилет.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Зеленстрой" ишканасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер отун таратат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билидирмеге караганда шаар ичиндеги бак-дарактарды текшерүү учурунда дарактар кыйылган.

"Отундар аз камсыз үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге мэриянын алдындагы социалдык өнүгүү башкармалыгы түзгөн тизменин негизинде бекер таратылып берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сатып алууну каалаган шаар тургундарына арзан баада берилет. Отундун 1 метр кубу 2 миң 230 сомдон сатылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0