"Бикини сулуусу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Саадат Асылбекова Кытайга барбай калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бикини сулуусу-2016" сынагынын катышуучулары
Бикини сулуусу-2016 сынагынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асылбекова сынактын жеңүүчүсү катары Кытайда өтүүчү эл аралык сынакта Кыргызстандын атынан чыгууга укук алган эле.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. "Бикини сулуусу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Саадат Асылбекова Кытайга барбай турганын сынактын уюштуруучусу Амина Юсурова билдирди. 

Бикини сулуусу-2016 сынагынын жеңүүчүсү Саадат Асылбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бикини сулуусу" Саадат: мектепке даярданып жатам
Аталган сынак кечээ, 28-июль күнү болуп, анда жеңүүчү аталган Саадат Асылбекова Кытайда өтүүчү эл аралык сулуулар конкурсуна жолдомо алган. 

"Асылбекова мектепте окугандыктан быйыл Кытайда өтүүчү эл аралык сынакка катышпай турган болду. Анын ордуна кийинки орундагы кыздардын бири барат", — деди Юсурова. 

Белгилей кетсек, Асылбекова борбор калаадагы мектептердин биринде 10-класста окуйт.

"Бикини сулуусу 2016" конкурсунда тартылган сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт баянынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0