Өзгөндүн Мырзаке айылындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

Жазылуу
Иш-чара Кувейт мамлекетиндеги Кыргызстандын элчилиги тарабынан демилгеленген.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кувейт мамлекетиндеги гуманитардык фонд Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты. Бул тууралуу муфтияттын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка караганда, мындай иш-чара Кувейт мамлекетиндеги Кыргызстандын элчилиги тарабынан демилгеленген.

"Жардам азык-түлүк иретинде жетим-жесир, тоголок жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароосуз калган жарандарга берилди. Ал эми майыптарга атайын арабалар тапшырылды", — деп айтылат маалыматта. 

Кайрымдуулук иш-чарасына жардам фондунун Кыргызстандагы өкүлү, Ош облусунун казысы, Кувейттин мурдагы премьер-министри жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0