Бишкекте тарыхый-маданий объектилердин саны көбөйөт

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаПроект детальной планировки центральной части города Бишкек
Проект детальной планировки центральной части города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эле эки-үч деңгээлдүү жолдорду куруу концепциясы каралды.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкекте тарыхый-маданий объектилердин санын көбөйтүү аракети шаардын борбордук бөлүгүнүн деталдуу планы талкууланганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Установка флагштога, высотой 35 метров в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы шаарынын кире беришине чоң желек илинди
Ага ылайык, Насирдин Исанов атындагы Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде шаар куруучулардын жыйыны өтүп, күн тартибинде Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландоо долбоору талкууланды. 

Деталдуу пландоо долбоору 3 миң 641 гектар аймакты камтып, Курманжан датка, Ахунбаев, Садырбаев жана Жибек Жолу проспектиси төрт бурчтугун өзүнө алат. План боюнча эки-үч деңгээлдүү жолдорду куруу концепциясы, ошондой эле тарыхый-маданий объектилердин санын көбөйтүү да каралган.

Шаардын борбордук бөлүгүн деталдуу пландаштыруу кийинки жыйында дагы талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0