Барчын Казакбаева эл аралык сулуулук конкурсунда Кыргызстандын намысын коргойт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСулуулар сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулар сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк сулуулук конкурсу Антигуа жана Барбуда Кариб аралдарында өтөт. Конкурстун финалы августта болот.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Барчын Казакбаева "Miss Regal Internatinol — 2016" эл аралык сулуулук конкурсунда өлкөнүн атынан катышат. Бул тууралуу конкурстун Facebook баракчасында жарыяланды.

Дүйнөлүк сулуулук конкурсу 19-июлдан тарта Антигуа жана Барбуда Кариб аралдарында өтүүдө. Анын финалы 13-августта болот.

Казакбаева буга чейин Нью-Дели шаарында өткөн эл аралык "Супермодель International — 2016" конкурсуна катышкан. 

Ал КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясында окуйт. 2015-жылы "Кыргызстан сулуусу — 2015" сулуулук конкурсунда вице-мисс наамына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0