Президент Атамбаев Балыкчыдагы жолдун курулушу менен таанышты

© Фото / очевидца Нурсултаном И. отправленное по Whats App-каналуБалыкчыдагы Абдрахманов көчөсүндөгү жолдун курулушу
Балыкчыдагы Абдрахманов көчөсүндөгү жолдун курулушу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолду оңдоо иштерине 160 миллион сом бөлүнгөн. Төрт тилкелүү жолдун ремонту бүткөндөн кийин, анын туурасы 18 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлгө болгон иш-сапарынын алкагында Балыкчыдагы Абдрахманов көчөсүндөгү жолдун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров жолду оңдоо иштерине 160 миллион сом бөлүнгөндүгүн билдирген. 

"Төрт тилкелүү жолдун ремонту бүткөндөн кийин анын туурасы 18 метрге чейин жетет. Бардык оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айынын акырында бүткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Өлкө башчы оңдолуп жаткан жол балыкчылыктар үчүн маанилүү экенин белгилеп, өз убагында бүткөрүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0