Баткенде жетим-жесирлерге битир-садага таратылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБитир-садага чогултуп жаткан балдар. Архив
Битир-садага чогултуп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казыят кызматкерлери ар бир жарандан келген арыздарды кылдат текшерип, жардам беришкен.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Баткен облустук мусулмандар казыяты муктаждарга битир-садага таратканын муфтият билдирди.

Аялдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак дил адамдар Кайыңдыда неберелерин багып жаткан майып таянеге жардам беришти
Иш-чарага Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана казыят кызматкерлери катышып битир-садага Баткен облусундагы карыялар жана майыптар интернаты менен балдар үйүнө бөлүндү. 

Жардам ошондой эле облус аймагындагы жетим-жесирлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана оор турмушта жашаган үй-бүлөлөргө да таратылып, жергиликтүү элден келип түшкөн акча каражатына ээ болушту.

Казыят кызматкерлери ар бир жарандан келген арыздарды кылдат текшерип, жардам биришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0