Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы биринчи жолу элге акча төлөп берет

Жазылуу
Кыргызстанда 11-февралдан тарта турак-жайды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан камсыздандаруу боюнча мыйзам күчүнө кирген. Алгач милдеттүү түрдө камсыздандыруу сунушталып, бирок өкмөт аны каалагандар кылдырсын деп чечкен.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы" ААКы алгачкы камсыздандыруу акчасын төлөөнү пландап жатканын компаниянын маалымат кызматы билдирди.

18-июлда кечинде болгон катуу шамалдын айынан Казарман айылындагы (Жалал-Абад, Тогуз-Торо району) 42 үй жабыркаган. Алардын бирөө гана камсыздандырылган. 

"Бейшемби күнү саат 11:00дө үй ээси 30 миң сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу акчасын алат. Ал бул акчага үйүнүн чатырын оңдотуп алса болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда 11-февралдан тарта турак-жайда өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан камсыздандаруу боюнча мыйзам күчүнө кирген. Алгач милдеттүү түрдө камсыздандыруу сунушталып, бирок өкмөт аны каалагандар кылдырсын деп чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0