5 млн. сом салык төлөбөй койгон ишкана жоопко тартылмай болду

Жазылуу
Финансы полициясынын кызматкерлери аталган ишкананы текшерүүгө алып, мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Маке Строй" ишканасы 5 миллион 359 миң сом салык төлөбөй койгондугун Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери аталган ишкананы текшерүүгө алып, ал бир топ мыйзам бузуулар менен иштеп жатканын аныктаган. 

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 213-беренесинин (Салык төлөөдөн баш тартуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0