Ошто "унаа үстүнөн учуучу" автобустун жолу курулмай болду

© Фото / пресс-служба мэрии города Ош"Унаа үстүнөн учуучу" автобустун бет ачары
Унаа үстүнөн учуучу автобустун бет ачары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Австралиялык компаниянын өкүлдөрү транспорттук жол структурасын Кыргызстан менен бир катар башка өлкөлөрдө курууну көздөп жаткандыктарын билдиришти.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарында жаңы муундун инновациялык транспорт долбоорунун бет ачары болуп өткөндүгү тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга транспорттун технологиясы тууралуу видеоматериалдар менен слайддар көрсөтүлгөн. 

Компаниянын өкүлү Алексей Васильев иш-чаранын катышуучуларына автобус тууралуу айтып берген. 

"Бул технология биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Минск шаарындагы Марьина Горка борборунда курулуп жаткан ЭкотехноПаркта көрсөтүлөт. Биз транспорттук жол структурасын Кыргызстан, Казакстан жана Монголияда курууну көздөп жатабыз", — деп билдирди Васильев. 

Анын айтымына караганда автобустар жолдун экинчи катмары менен жүрө турган болот. Унаа көп жерди ээлебей, экологиялык талаптарга 100 пайыз жооп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0