Ош шаарынын айрым райондорун таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши таза суу идишке алууда. Архив
Киши таза суу идишке алууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаанын Амир-Тимур, Туран кичи райондорун жана Кеңеш айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн атайын текшерүү жүргөн.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Колонкадан суу алып жаткан айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 26 млрд. сом керек
Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен Ош шаарынын Амир-Тимур, Туран кичи райондорун жана Кеңеш айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн аталган аймактарда текшерүү иштери жүргөн.

Иш-чарага Оштун вице-мэри Асылбек Топчубаев жана "Ошгорводоканал" ишканасынын өкүлдөрү катышып, атка минерлер таза суу барчу каналдардын абалы менен таанышты.

Текшерүүнүн соңунда вице-мэр Асылбек Топчубаев Амир-Тимур, Туран кичи райондорун жана Кеңеш айылдарын тез арада ичүүчү суу менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0