Кара-Кулжада медициналык клиниканын курулушу башталды

Жазылуу
Медициналык борбордо жарандардын дарылануусуна бардык шарттар түзүлүп, бир жыл ичинде курулуш иштерин бүткөрүү пландаштырылууда.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүндө 20 орунга ылайыкташкан медициналык клиниканын курулуш иштери башталгандыгы тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда курулуш иштерине Кувейт мамлекетинин "Табарак" кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк жасаган.

"Буга чейин айыл өкмөттөгү бейтапкананын эскилиги жетип, жарандардын ден соолугуна кам көрүүдө муктаждыктар жаралып келген", — деп айтылат маалыматта.

Медициналык борбордо жарандардын дарылануусуна бардык шарттар түзүлүп, бир жыл ичинде курулуш иштерин бүткөрүү пландаштырылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0