Үч-Коргон айылына мектеп куруу үчүн дээрлик 57 млн. сомго тендер жарыяланды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМектепте тактача орнотуу. Архив
Мектепте тактача орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 23-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-августунда аяктайт.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылына мектеп куруу үчүн облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда башкармалык спорт залы камтылган мектептин курулуш иштерине 56 миллион 507 миң 110 сом сарптоону көздөп жатат.

План боюнча мектеп 150 орунга ылайыкташкан.

Тендер 23-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-августунда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0