Талас казыяты муктаж жарандарга 148 миң сом битир-садага таратты

Жазылуу
Каражат ар бир жарандан келген арыздар комиссия мүчөлөрү тарабынан кылдат текшерилгенден кийин таратылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Талас шаарынын борбордук мечитинде жардамга муктаж жарандарга 148 миң сомдук битир-садага таратылганын муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка караганда битир садага акчалай жана азык-түлүк иретинде таратылган.

"Жалпы сумманын 94 миң сому акчалай калган 54 миңи азык-түлүк иретинде таратылды. Жардамды негизинен шаар аймагындагы жетим-жесирлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана оор турмушта жашаган үй-бүлөлөр алды", — деп айтылат маалыматта.

Каражат ар бир жарандан келген арыздар комиссия мүчөлөрү тарабынан кылдат текшерилгенден кийин таратылган. Ушундай эле иш-чаралар Талас облусунун башка аймактарында дагы уюштурулуп, муктаж жарандарга бут кийим жана миң сомдон акча таратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0