Ат-Башыда аттан кулаган турист райондук ооруканага жеткирилди

Жазылуу
Сол бутунан жаракат алган турист 23-июлда таңкы саат 5.45те ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кара-Гүп жайлоосунда аттан кулап жаракат алган швейцариялык турист Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилгенин ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, 20-июль күнү Бишкектеги туристтик компания аркылуу 15 турист Ат-Башыга жөнөшкөн. Ал жактан Кызыл-Туу айылынан аттарды минишип Кара-Тоо, Бото тоолору менен Көк-Булак, Ак-Кыя жана Кара-Гүп жайыттарына бет алышкан. Саякат учурунда Швейцариянын жараны Сабина Хослер Голустер аттан кулап жаракат алган

"Швейцариялык Сабина Хослер аттан кулап сол бутунан жаракат алган. Куткаруучулар окуя болгон жерге 23-июлда барып, жабырлануучуну таңкы саат 5.45те Ат-Башы райондук ооруканага жеткиришти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда туристтин абалы канааттандырарлык. 

Жаңылыктар түрмөгү
0