Жалал-Абад облусундагы 600 гектар жердеги кара куурайдын 4 гектары жок кылынды

© Фото / пресс-служба ГУВД Джалал-АбадаЖалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында төрт гектарга чукул жерде өскөн кара куурай жок кылынды
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында төрт гектарга чукул жерде өскөн кара куурай жок кылынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жок кылуу иштерине Базар-Коргон РИИБдин өздүк курамы, элдик кошундун мүчөлөрү катышкан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Сейдикум айылында төрт гектарга чукул жерде өскөн кара куурай жок кылынганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган аймактагы кара куурайды жок кылууга Базар-Коргон РИИБдин өздүк курамы, элдик кошундун мүчөлөрү катышкан. 

"Ошону менен бирге милициянын аймактык өкүлдөрү ар бир үйдүн айланасын көзөмөлдөп үй ээлерине эскертүүлөр берилди. Жасалып жаткан тазалоо жумуштары баңгичилике каршы күрөшүү жана алдын алуу иш чараларынын бири болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. 

ОИИБдин маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунда 600 гектар жерде кара куурай өсөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0