Таласта курулган лабораторияда малдын бардык дартын аныктоого болот

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМалды текшерген ветеринар. Архив
Малды текшерген ветеринар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кара-Буура районунда 20 ашуун ветеринарлар жана башка адистер тийиштүү окутуудан өтүшкөн.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Талас шаарындагы ветеринардык дарт аныктоо аймактык борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, борбордун башкы милдети — мал жандыктардын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын ооруларын алдын алуу жана жоюу боюнча диагностикалык иликтөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.

"Борбордо бардык керектүү биохимиялык, токсикологиялык жана радиологиялык лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлөт", — деди Жумаканов.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун жүз күнү: өкмөттүн өзгөргөн курамы, сөгүш алган аткаминерлер
Ошондой эле ал сметалык наркы 20-25 миллион сомду түзгөн аймактык дарт аныктоо борборунун жаңы имаратынын долбоорун сунуштады.

Премьер-министр борбордун жаңы имаратынын курулушун тездетүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ЕАЭБдин курамына кирүүнүн алкагында бир катар милдеттенмелерди алган. Ага ылайык, Кыргызстандын карантин жана фитосанитардык лабороториялары ЕАЭБ талаптарына жооп бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0