Бишкекте жарнама такталары КМШнын президенттеринин саммитине карата алынат

Жазылуу
Буга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жарнама такталары оңдоло башталган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Шаардын борбордук көчөлөрү менен проспектилериндеги жарнама такталары сентябрь айында өтө турган КМШнын өлкө башчыларынын саммитине карата оңдолуп, түзөлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин шаардын көрүнүшүн бузбоо үчүн 200гө чукул жарнама такталары оңдолоору айтылган. Манас, Чүй, Байтик Баатыр проспектилери менен Абдрахманов көчөсүндөгү жарнактар алынып салынат. Мындай чаралар "Г" формасындагы жарнама такталарына карата колдонулат.

Баннер, на которой надписано Кайран эл кайда баратабыз? - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: исламдашуу боюнча жарнама такталарын агартуучу фонд илдирткен
Азыркы жарнактардын ордуна мэрия жаңыларын жасатып жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө атайын техника жетишпесе дагы саммитке карата жарнактарды алып салуу пландалып жатат.

Шаар ичинде жалпы жарнак компанияларына караштуу 600 көрнөк, жарнактар бар. Алар мэриядан жерди ижарага алып, жарнама такталарын орнотушат.

Борбордо жалпысынан 615 ири жарнактар жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0