Түркиядагы акыркы окуялар: WhatsApp билдирүүсү, 1 жума ишке чыкпаган кыргызстандыктар

© Sputnik / Жоомарт УраимовПользователь читает уведомление в приложении WhatsApp
Пользователь читает уведомление в приложении WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуялар болгондон кийин кыргызстандыктар бир жумадай көчөгө жана жумушка чыккан эмес.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Түркиядагы акыркы окуялар ал жакта иштеп жаткан кыргызстандыктарга дагы өз таасирин тийгизип жатат. Бул тууралуу Түркиянын Алания аймагында иштеп жаткан Бактыгүл Рысалиева билдирди.

Белгилей кетсек, 16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчулар аскерий төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизинен окуялар Анкара жана Стамбул шаарында болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, бул каргашадан 290 киши каза болуп, 1,5 миңдей киши түрдүү жаракаттарды алган.

Рысалиеванын айтымында, бийликти күч менен тартып алууга болгон аракеттен улам коопсуздук чаралары күчөтүлүп, чет элдик жарандардын сыртка чыкпоосу эскертилген.

"Түркиядагы акыркы окуялардан улам бизди бир жума сыртка жана жумушка барбагыла дешти. WhatsApp аркылуу да өзүңөрдү коопсуздугуңарды жакшы карагыла деген билдирүүлөр келди. Ошондой эле Стамбулдагы аба майданындагы жардырууда бир кыргыз жараны бар экен деген маалымат дагы биз үчүн жаман болду", — дейт Рысалиева.

Ал ошондой эле жакында эле Кыргызстандан аялы-күйөөсү жана карындашы болуп үч киши келгенин, мурда таап койгон жумушуна кире албай калганын кошумчалады. Жумуш берүүчүлөр үчөөнү үч жакка бөлүп салышкан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын колдоочулары Стамбулда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган аскердик төңкөрүш аракети тууралуу кантип билгенин айтып берди
"Бул маалыматты угарыбыз менен бул жактан 4-5 кыз чогулуп барып аларды алып келишти. Менин үйүмдө үч күн жашады. Бул жакка иштейбиз деп Кыргызстандан насыя алыптыр, ыйлашты. Учурда аларга жумуш таап бердик. Телефон чалып ал-акыбалын сурап турабыз", — деди ал.

Рысалиева ошондой эле учурда абал тынч экенин жумушка чыгып, иштеп жатышканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Түркиядагы акыркы окуялардан бийлик үч айга чейин өзгөчө кырдаал абалын жарыялаган

Жаңылыктар түрмөгү
0