Милиция кызматкерлери жардыруу, атышууларды иликтөөнү бекемдеп үйрөнүп жатат

Жазылуу
Жүзгө чукул укук коргоочу кызматкерлер соттук экспертиза менен бир катар тергөө аракеттерин жүргүзүү боюнча билим алышат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Борбор калаада 150 тергөөчү соттук экспертиза жүргүзүү, кылмыш окуяны жеринде иликтөө, издөө, сурак алуу сыяктуу ыкмаларды үйрөнүп жатат. Бул туурасында ЕККУнун маалымат кызматынан билдиришти.

Сулайман-Тоодогу музей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сулайман-Тоонун этегинен баланы карактап, шымын чечип кеткен бейбаш кармалды
Бул иш-чара ЕККУнун Бишкектеги борбору жана ИИМ менен биргеликте "жардыруу, ок атуу жана атылбай турган курал менен жасалган кылмыштарды иликтөө" деген темадагы окутуунун алкагында жүрүп жатат.

Окутуулар мындан сырткары Ош жана Балыкчыда 14-июлдан 6-августка чейин өткөрүлөт. 

ЕККУнун борборунан оор кылмыштардын бетин ачууда жогорку ыкмаларды бекемдеп билип алуу ашыктык кылбастыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0