Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Ибраимкулов кызматтан четтетилди

Жазылуу
Башкы прокуратура Ибраимкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Соттор кеңешине кат жолдоп, алар макулдугун берген.

БИШКЕК, 21-июл.— Sputnik. Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Кангелди Ибраимкулов кызматынан алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июлда кол койду.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Ибраимкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Соттор кеңешине кат жолдоп, алар макулдугун берген.

Аталган Жарлык бүгүнтөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0