Оштогу Тээке айылына жаңы мектеп курула баштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштери 2017-жылы аяктайт. Тээке айылында учурда 4,5 миңге жакын эл жашайт.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Оштогу Жапалак айыл аймагына караштуу Тээке айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мырзаев атындагы жаңы мектептин сметалык баасы 45 миллион сомду түзүп, 275 орунга ылайыкталган.

Шаар мэри Кадырбаев билим ордосу бир жылдан кийин бүтөрүн айтты.

"Кийинки жылы курулуш иштери аяктап, балдарды жаңы мектептин имаратына көчүрөбүз", — деп билдирген шаар мэри Кадырбаев. 

Маалыматка караганда Тээке айылында 4 миң 500гө жакын эл жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0