"Урал аба жолдоруна" Жуковский шаарынан Кыргызстанга учууга уруксат берилген жок

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүү"Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы. Архив
Урал аба жолдору авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакомпания Москванын жанындагы Жуковский аэропортунан Бишкек жана Ош шаарларына жумасына жети жолу аба каттамдарын уюштурууну пландаган. Аларга Тажикстанга да жүргүнчү каттамдары боюнча уруксат берилген эмес.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. "Урал аба жолдору" авиакомпаниясына Жуковский аэропортунан Кыргызстанга учуу үчүн эл аралык каттамдарга уруксат берилген жок. Бул тууралуу Росавиациянын расмий сайтында маалымдалды.

Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР авиакомпанияларынын Европага кирбей калышынын сегиз себеби
Компания Жуковский — Ош жана Жуковский —Бишкек багыттары боюнча жумасына жети жолу каттамдарды аткарууга арыз берген.

Ошондой эле аталган компанияга Душанбе жана Кожент шаарларына да учууга уруксат берилген эмес.

Кыргызстандын Жарандык авиация боюнча агенттиги бул маселе Россия тараптын юрисдикциясына кирбей турганын билдирди.

Буга чейинки кабарларда 20-июндан тарта жаңы Жуковский аба майданынан такай аба каттамы боло турганы айтылып, аны Air Kyrgyzstan авиакомпаниясы аткарары маалымдалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0