"Азия MIX" командасын аэропорттон күйөрмандары белектер менен тосуп алды

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" командасы. Архив
Азия MIX командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнчуларга сюрприз жасоо демилгеси команданын мурунку менеджерине таандык.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Голосящий КиВиН 2016 фестивалында "Алтын чоң КиВиН" утуп, 400 миң рубль алышкан "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү Бишкекке кайтып келишти. 

Жеңиш менен келген жигиттерди аэропорттон күйөрмандары жана фанаттары белектер менен тосуп алышты. Сюрпризди команданын мурунку менеджери Айганыш Ибрагимова уюштурган. 

"Биз оюнчуларга жаркын маанай тартуулагыбыз келди. Ошол үчүн атайын автобус жалдап, аэропорттон үйлөрүнө чейин жеткирип коюну туура көрдүк", — деди Ибрагимова. 

Эске сала кетсек, "Азия MIX" командасын буга чейин президент Алмазбек Атамбаев куттуктаган

Жаңылыктар түрмөгү
0