Жалал-Абадда эл сууну сатып ичүүгө мажбур болуп жатат

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСуу бөтөлкөдө. Архив
Суу бөтөлкөдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү көйгөйдү парламентте көтөрүүгө сөз беришти. Белгилүү болгондой аймактагы суу менен камсыз кылуу системасы оңдоого муктаж.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ноокен районунун Масы айылынын тургундары суу менен камсыз кылуу системасынын жабдуулары керектен чыгып калгандыгына байланыштуу сууну сатып алып ичүүгө мажбур. Бул туурасында КСДП фракциясынын катчылыгынан билдиришти. 

КСДП депутаттар тобу Масы айылындагы шайлоочулар менен жолукканда эл айлык маяна, пенсиялык камсыздоо маселелерин көтөрүшкөн.

"Масы айылында суу чыкпай калгандыктан суу ташуучу унаа бир айда бир жолу келип, элди суу менен камсыздап кетерин билдиришкен. Карапайым эл бир ай өткүчө сууну үнөмдөп колдонууга мажбур", — деп билдирди аталган фракциянын катчылыгынан.

Кытайдагы суу каптоонун кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда дамба жарылып, 8 миңден ашык адам коопсуз жайга чыгарылды
Эл түтүктөр чирип кеткендиктен, бир суткада бир нече жолу гана суу чыгарыларын айткан.

"Айылдын суу менен камсыз кылуу системасы толугу менен оңдолууга тийиш. Түтүктөр чирип кеткендиктен, бир суткада бир нече жолу гана суу чыгарылат. Дат аралаш чыккан суу турмуш тиричиликке гана колдонулат", — деп билдиришкен жергиликтүү жарандар. 

Депутаттар бардык айтылган көйгөйлөр фракциянын жыйынында карала тургандыгына жана бул маселе мамлекеттик структураларга кабар берилерину берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0