Кыргызстанда Нельсон Манделага арналган иш-чара өтөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүНельсон Мандела Түштүк Африка республикасынын алгачкы кара терилүү президенти. Архив
Нельсон Мандела Түштүк Африка республикасынын алгачкы кара терилүү президенти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда эксперттер менен ЖАМКтын кызматкерлери абактагылардын укугун талкуулашат.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте 18-июлда Нельсон Манделанын күнүнө карата кереге кеңеш болорун Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Анда абактагылардын укугун коргоо талкууланат.

"БУУнун абактагыларга мамиле кылуу жөнүндөгү эрежелери боюнча презентация болот. Анда жазык-аткаруу системасы, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүү, ден соолукту сактоо да талкууланат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүүлүк күнү Бишкекте 3D-форматында белгиленет
Бул иш-чарага мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Нельсон Манделанын эл аралык күнү БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2009-жылы ноябрда негизделген. Ал жыл сайын БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан белгиленип келет.

Нельсон Мандела Түштүк Африка республикасынын алгачкы кара терилүү президенти. Ал адам укуктары боюнча активдүү күрөшүп келген. 27 жыл бою абакта отурган. Ага 1993-жылы Нобель сыйлыгы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0