Айнектери караңгылаткан 200гө жакын унаа ээлери айыпка жыгылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПротокол толтуруп жаткан кайгуул милиционери. Архив
Протокол толтуруп жаткан кайгуул милиционери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул күзөт милициясы унаалардын айнектерин караңгылатууга эки миң сом айып салынарын эскертет.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларды аныктоо үчүн жүргүзүлгөн рейдде 188 унаа кармалды. Бул туууралуу Кайгуул күзөт милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Рейд жума күнү жүргүзүлгөн.

"Рейд учурунда алдыңкы айнектери караңгылатылган 188 унаа кармалды. Алардын ээлери административдик жоопкерчиликке тартылышты. 52 унаа айып короого токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Кайгуул күзөт милициясы унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатуу айрым гана атайын кызматтарга уруксат берилерин эскертет. Айып пулдун көлөмү эки миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0