Түркиядагы кыргыздар: бомба жарылганда жата калдык, терезе сынып бир кыз жаракат алды

© AP Photo / Cavit OzgulГорящий автомобиль в ходе перестрелки турецкими военными и полицейским на площади Таксим в Стамбуле
Горящий автомобиль в ходе перестрелки турецкими военными и полицейским на площади Таксим в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдын ала берген маалымат боюнча Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларындагы төңкөрүш аракетинде кыргыздар жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиядагы төңкөрүш жасоо аракетиндеги кагылыштар учурунда Анкара, Стамбул шаарларында жашаган кыргыздар дагы күбө болушкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандыктардын социалдык тармактарга жазган пикирлерин топтоду. 

Инаш Азим Стамбулдан Анкарга кетип бара жаткан жеринен артка кайткандыгын маалымдады

Адилет Абишов өлкөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу кабарсыз экенин жазды

Айпери Сейитбекова кыргыз элчилигине нааразылыгын билдирди

Бишкектен Анкарага жаңы учуп келген студенттер элчиликте баш калкалап отурушкандыгы кабарланды

Жолдо калган Инаш Азим бомба жарылып жер силкингенде жата калып жатышканын билдирди

Атышуудан улам жатакананын терезеси сынып бир кыз жаракат алгандыгы кабарланды

Маалымат берүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ТИМи Анкара, Стамбулдагы жарандар үчүн атайын телефон линияларын ачты
Белгилей кетсек, жума күнү Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын билдирди.

Акыркы маалыматтарда кагылышуулардан курмандыктардын саны 90го, жарадарлар 1 154кө жетти. 

Түркияда беш генерал менен 29 полковник кызматтан четтетилип, кармалган аскер кызматкерлердин саны 1 563ке чукулдады. Ал арада Анкарада куралсыз 200 аскер багынып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0