Бишкек – Стамбул багыты боюнча учуучу бир каттам токтотулду

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинен улам Стамбулга учкан бир катар аба каттамдары токтотулду.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкек — Стамбул аба каттамы токтотулганын эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынан Стамбулга жалпысынан үч аба каттам пландалган. Алар саат 5:25те, 6:15те жана 7:05те учмак. Биринчи каттам "Сабиха" аэропортуна учса, калган экөө "Ататүрк" аба майданына конмок.

"Саат 7:05теги аба каттам (Түрк аба жолдору авиакомпаниясы) токтотулду. Анын себеби айтылган жок. Жүргүнчүлөрдү жайгаштыруу маселеси авикомпанияга таандык", — деп маалымат кызматы билдирди.

Калган эки аба каттам азырынча токтотулган жок. Бирок саат 5:25ке пландалган каттам ("Пегасус" Кыргызстан авиакомпаниясы) кармалып жатат. Жүргүнчүлөрдү каттоо жүрүп жатат.

Государственный переворот в Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын парламентине бомба ыргытылды
Айрам маалымат каражаттары Түркиянн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын маалымдашууда.

Белгилей кетсек, 15-июлда кечинде Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым NTV телеканалына өлкөнүн аскерлери өлкөдө аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылганын телефон аркылуу билдирген. Йылдырым аскерий топ өздөрүн берилген укуктарды жана курал-жаракты колдонуп "мыйзамсыз аракеттерди кылууга аракеттерди көргөнүн" белгилеген.

Ал эми өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган төңкөрүш жасоого аракет кылгандар катуу жазалана турганын айтып, бул баш аламандыкты токтотуу үчүн элди көчөгө чыгууга чакырган. Эрдогандын тарапташтары аскерлердин аракеттерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0