Башкы экономист: "Кыргыз көмүрдө" рейдерлик баскынчылык аракеттер болууда

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЭс алып жаткан шахтерлор. Архив
Эс алып жаткан шахтерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым кызматкерлердин иштен алынышы менен ишканадагы иштер токтоп калуу коркунучунда турганын ал жакта иштегендер белгилешүүдө.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" ишканасынын кызматкерлерин массалык түрдө мыйзамсыз кызматтан алуу жүрүп жатканын иштен алынгандардын бири Надырбек Бекжанов Sputnik агенттигине билдирди. Ал буга чейин аталган ишкананын инвестиция бөлүмүн жетектеп келгенин билдирди.

Бекжановдун айтымында, учурда "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Талант Бокешов "айрым кызматкерлерди эч жүйөсүз эле кызматтан алып жатат".

"Бокешов мыйзамды одоно бузуу менен "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Биз азыр ошол буйрукту жокко чыгарууну, жумуштан кетирилген адистерди кайта ордуна коюп берүүнү талап кылып жатабыз", — деди ал.

Бекжанов учурда жалпысынан 5 кызматкер кызматтан алынганын жана дагы 3 кызматкерге буйрук чыкты деген маалымат алганын кошумчалады.

"Кыргыз көмүрдө" башкы экономист болуп иштеген Канышай Разакова башкы маселе азыр кызматтан алынгандар эмес, мындай аракеттер жумушка кедергисин тийгизип жатканында деген пикирин айтты. 

"Бул жакта негизги маселе жумуштун жүрбөй жатканы болууда. Андан сырткары кызматкерлерди мыйзамсыз иштен алуу жана рейдерлик баскынчылык аракеттер болууда. Кызматтан алынды деген кишилерди чымыр денелүү балдар келип чыгарып жатат. Башкы эсепчибизди инсультка чейин жеткире жаздашты", — дейт Разакова.

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй ОИИББдин жетекчиси жана бир катар кызматкерлер кызматтан алынды
Разакова "Кыргыз көмүр" ишканасынын кызматкерлери директордун милдетин аткаруучу Талант Бокешовге бул маселелер боюнча эки жолу киришкенин, бирок эч кандай жылыш болбогонун кошумчалады.

Ал аталган мекемеде мындай жагдайлар жөнүндө Экономика министрлигинин жана Мамлекеттик геология агенттигинин кабары бар экенин белгиледи.

Разакова премьердин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча буйругунун негизинде "Кыргыз көмүр" азыр Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине карап калганын, буга чейин Экономика министрлигине карамагында болгонун билдирди.

Ал эми Талант Бокешов менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0