Абитуриент — 2016: окуу жайды тандоого бир жарым күн калды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭкзамендин жыйынтыктарын карап жаткан абитуриент. Архив
Экзамендин жыйынтыктарын карап жаткан абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өздөрүнүн тандоосун тастыктабаган абитуриенттер гранттык орундардан айрылышат. Ал эми бош калган бюджеттик орундарга сынак өткөрүлөт.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Гранттык орундарга өткөн абитуриенттер өздөрүнүн тандоосун 17-июлга чейин окуу жайга келип тастыктоого тийиш. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей тандоолорун тастыктабаган абитуриенттердин бюджеттик формадагы орундары бош эсептелип, кайрадан сынак өткөрүлөт. 

"Окуу жайларга абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынат. Бюджет же контракт формасындагы окууга өтүү үчүн негизги тесттен — 110 жана предметтик сабактан — 60 упайдан жогору топтоо керек", — деп айтылат маалыматта. 

Биринчи турдан орундар артып кала турган болсо 18-23-июль аралыгында кайрадан сынак өткөрүлөт. Ал эми үчүнчү тур 25-30-июль аралыгында өтүп, анда абитуриенттен сертификат талап кылынат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0