Наристенин өмүрүн сактап калган Байэлге акчалай сыйлык тапшырылды

© Фото / Азамат АрыкбаевБайэл менен аман калган Бекназар
Байэл менен аман калган Бекназар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сый-урматка татыган Байэлдин чоң ата, чоң энесин жана өмүрү сакталып калган Бекназардын ата-энесин облустун ыйгарымдуу өкүлү бир кучак гүл менен тосуп алды.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Сууга агып кеткен үч жашар баланын өмүрүн сактап калган жети жаштагы Байэлге Талас облусунун ыйгарымдуу өкүлү Дайыр Кенекеев акчалай сыйлык тапшырды. Бул туурасында өкүлчүлүктөн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 13-июлда Талас районунун Көк-Ой айылында жети жаштагы Байэл лотокко агып кеткен үч жашар баланын өмүрүн сактап калган.

"Бүгүн Байэлдин чоң ата, чоң апасы менен өмүрү сакталган Бекназардын ата-энесин Талас облусунун ыйгарымдуу өкүлү Дайыр Кенекеев бир кучак гүл менен тосуп алды. Ал куттуктоо сөзүн айтып, Байэлге ыраазычылык катын тапшырды. Ошондой эле куткаруучунун чоң ата, чоң энесине жана сууга аккан Бекназардын ата-энесине акчалай сыйлык ыйгарылды", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Байэлдин чоң ата, чоң энеси небереси менен сыймыктанышаарын айтып, абдан кубанып жатышканын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0