Жээнбеков Нарындын жолдорун текшерип, Тайлак баатырдын күмбөзүнө барат

© Фото / Госдирекция по подготовке и проведению года истории и культурыТайлак Баатырдын күмбөзү. Архив
Тайлак Баатырдын күмбөзү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер Тайлак Баатырдын 220 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүү алкагында анын күмбөзүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен да таанышат.

БИШКЕК, 15-июль. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна жумушчу сапар менен барарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

"Нарында Жээнбеков Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун курулуш иштери менен таанышат. Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна жана Ак-Талаа районундагы "Мангел" айыл чарба кооперативине барат", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Өкмөт башчысы Тайлак Баатырдын 220 жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүү алкагында анын күмбөзүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0