Иркутск менен Бишкек шаарынын ортосунда аба каттам жанданды

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки шаар ортосундагы аралык 3 саат 50 мүнөттү алып, 148 жүргүнчү батчу Boeing 737 учагы каттайт.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиянын Иркутск шаары менен Бишкек шаарынын ортосунда аба каттам жанданганын Эл аралык Иркутск аэропорту билдирди.

"Бейшемби күнү Эл аралык Иркутск аэропортунун өнөктөшү кыргызстандык Avia Traffic Company авиакомпаниясы Бишкек — Иркутск — Бишкек каттамы боюнча учууларын жандантты", — деп айтылат маалыматта.

Тамчы аэропортунун жургунчулору. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту быйылкы турсезондун алгачкы эс алуучуларын кабыл алды
Аба каттам ар бейшемби сайын болот. Эки шаар ортосундагы аралык 3 саат 50 мүнөттү алып, 148 жүргүнчү батчу Boeing 737 учагы каттайт.

Эл аралык Иркутск аэропортунун маалымат кызматы билдиргендей, Avia Traffic Company авиакомпаниясы Иркутск — Ош каттамы боюнча да учат.

Эки шаар ортосундагы аба каттам 2015-жылдын сентябрь айында токтогон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0