Медициналык академия: ара жолдо калган бүтүрүүчүлөр, таңууланган адистик

Жазылуу
Медициналык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жаңы реформаларга байланыштуу өздөрү каалаган кесиптерди тандай албай калышты.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №1 жана №2 дарылоо факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн 336сы клиникалык ординатурага тапшыра албай ара жолдо калгандыктары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бүтүрүүчүлөр өздөрү билдиришти. 

Аталган факультетти быйыл 441 студент аяктаган.

Алардын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги бүтүрүүчүлөргө алдын ала эскертпестен медициналык адистиктердин тизмесин кыйла кыскартып, айрымдарын такыр эле жоюп салган. 

Клиникалык ординатура деген — бул медициналык окуу жайды бүтүрүп диплом алгандан кийин кайрадан эки жылдык билим алуу. Анда адистердин теориялык билими жана практикалык көндүмдөрү өркүндөтүлүп, кесиптик деңгээлдери жогорулатылат. Эң маанилүүсү анда тапшырган адистер өздөрү тандаган кесипти тереңинен окушат. 

Президент саламаттык сактоо тармагындагы реформалардан кабар алды
Sputnik Кыргызстан агенттигине №2 дарылоо факультетинин бүтүрүүчүсү Нуртилек Одоноев Медициналык академияда каражат төлөп алты жыл келишимдик негизде билим алып, эми өзү каалаган адистикке тапшыра албай калганын билдирди. 

"Мен клиникалык фармакологияга тапшырууну көздөп келгем. Бирок быйыл бул кесипке бир дагы орун бөлүнбөптүр. Былтыр үч орун берилген. Эми ординатурага тапшыруу үчүн экзамендин мөөнөтү бүтүп калды. Учурда мен гана эмес менден башка канчалаган бүтүрүүчүлөр же окуудан жок же башкадан жок ара жолдо калышты. Адам өз кесибине өмүрүн арнайт эмеспи, андыктан мен тандаганымдан баш тартпайм", — деп билдирди Одоноев.

Анын айтымына караганда, быйыл үй-бүлөлүк медицинага 137 орун берилип ал эми калган кесиптик адистиктерге жалпы жонунан 105 гана орун каралган. 

Көксөгөн кесибине тапшыра албай калган дагы бир бүтүрүүчү Наргиза Жеңишбекова тынчтык митингин уюштурууга камынып жатышканын ырастады. 

"Мен анестезиологияга тапшырайын дегем. Бирок сегиз эле орун бөлүнгөндүктөн каалоочулардын бардыгына жетпей калды. Былтыр чексиз орун берилип, каалагандардын бардыгы өткөн болчу. Эми бизге эки жыл бекер окуп жалпы практикалык дарыгер болосуңар деп, таңуулап жатышат. Эгер биз макул десек, кийин поликлиникада иштей турган болобуз", — деп билдирди Жеңишбекова. 

Министрлик: үй-бүлөлүк медицинага баргыла 

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева кесиптик мектептердин шалаакы башчыларын кетирүүнү тапшырды
Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны кескин азайып кеткендиктен ушундай реформа жасоого аргасыз болушканын билдиришти. Алардын берген маалыматына караганда "үй-бүлөлүк медицина" кесиптик адистигине беш жыл ичинде 59 гана бүтүрүүчү тапшырган. Мындан улам айыл жергелеринде дарыгерлердин таңкыстыгы пайда болгон. 

Үй-бүлөлүк медицина — бул бардык курактагы бейтаптарга көрсөтүлчү алгачкы амбулатордук жардам. Мындагы адистер жарандардын үйүнө барып же мекеменин ичинде адамдардын жалпы саламаттыгын текшеришет. Бул медициналык борбордо бейтаптарды жаткырууга орундар берилбейт. 

Үй-бүлөлүк дарыгерлер чыгашасын актай албайт

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев бүтүрүүчүлөрдүн укуктары бузулуп жатканын билдирди.

"Биринчиден бүтүрүүчүлөрдүн келишиминде алар үй-бүлөлүк дарыгер болоору тууралуу көрсөтүлгөн эмес. Экинчиден булардын бардыгы келишимдик, акы төлөгөн формада окуп, алты жыл ичинде чоң суммадагы каражат коротушту. Үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштөө менен алар кетирген чыгашасын 10 жылда дагы актай алышпайт. Эгер мамлекет үй-бүлөлүк дарыгерлерди кааласа андай адистердин окуусуна субсидия бериши керек эле", — деп билдирди Султангазиев. 

Ал белгилегендей мындай реформа адамдын кесип тандоодогу укуктарын бузуп жатат. 

Юрист эмне дейт? 

"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник мында эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун билдирди. 

Жождогу кабыл алуу комиссиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку окуу жайлардын акы төлөп окуу түрүнүн эң аз суммасы белгилүү болду
"Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтери тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Билим берүү министрлиги лицензиясы бар бардык окуу жайлардагы кесиптик адистиктерге ар кандай стандарттарды жана талаптарды коюга акылуу. Стандартты алмаштырууга студент окуп жаткан маалда гана жол берилбейт. Бирок, студент бир кесипти аяктап, экинчисин улантууну кааласа анда ал расмий уруксат берилген кесиптерди гана тандай алат", — деп билдирди Плужник. 

Юрист жалпы жыйынтык катары мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин ырастады.

Мамлекеттик медициналык университеттин проректору Нурлан Билимкулов бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинде аталган маселе талкууга алынып, жумушчу топ түзүлмөй болгонун билдирди. 

"Ал жумушчу топ бүтүрүүчүлөрдүн оюн эске алуу менен бир орток чечимди чыгарышат", — деп билдирди Билимкулов.

Проректор мындай реформа үй-бүлөлүк дарыгерлердин таңкыстыгы абдан байкалып жаткандыгына байланыштуу жасалгандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0