Экотехинспекция пансионаттар саркынды сууларды көлгө куйбай турганын айтты

Жазылуу
Буга чейин интернетте "Акун" жана "Солнечный берег" пансионаттары канализация сууларын көлгө куят экен деген видео чыгып кеткен.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Экотехинспекция Ысык-Көлдөгү "Акун" жана "Солнечный берег" пансионаттары саркынды сууларын көлгө куйбай турганын билдирди.

Эске салсак, буга чейин интернетте "Акун" жана "Солнечный берег" пансионаттары мындай сууларын көлгө куят экен деген видео тараган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында "Акун" жана "Солнечный берег" пансионаттарынан куурлар көлгө келери, бирок алар канализацияныкы эместиги такталды. Бул куурлар аркылуу атракциондорго суу сордуруп алынып, кайта көлгө куюлат. Бул көлдү булгоого жатпайт", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле аталган эки пансионаттын саркынды суулары көлгө куюлбай, атайын жайга топтолуп тазаланарын жана атайын кызмат аркылуу сордурулуп тураары маалыматта айтылат.

Интернетке чыккан видеодон улам "Акун" пансионаты сотко доо арыз даярдап жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0