"Тартуга" эс алуу борборунун бассейни жабылды, бала комада, кылмыш иши козголгон жок

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБассейн. Архив
Бассейн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бессейнге чөгүп кете жаздаган баланын жүрөк согуусу калыбына келди. Ал аппараттын жардамы менен дем алып жатат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. "Тартугадагы" кырсыкка байланыштуу кылмыш иши азырынча козголо электиги тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди.

Анын айтымында, тергөө иштери уланып эс алуучу жайдын жетекчилиги менен күбөлөр суракка алынып жатат. Учурда кырсыкка байланыштуу алгачкы материалдар чогулуп калган. Эми медициналык экспертизанын жыйынтыктары күтүлүүдө. Ал аркылуу окуяга юридикалык баа берилет.

"Бала комадан чыгып жашоого кайтып келерине үмүт артып турабыз. Ал учурда абдан оор абалда. Иш кайрадан каралышы ыктымал, күнөөкөрлөр өз жазасын алышы керек", — деп билдирди Казабаев.

Бассейнге тушүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте чөгүп бараткан баланы кантип сактап калышкандыгын күбө болгон аял айтып берди
Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилованын берген маалыматына караганда бала дагы деле өзүнө келе элек.

"Бала клиникалык өлүм абалында келип түштү. Биз жүрөк кагышын калыбына келтирип, аппараттын жардамы менен дем алдырып жатабыз. Керектүү бардык терапиялар жүргүзүлүп жатат", — деп билдирди дарыгер.

Ал эми "Тартуга" эс алуучу борборунан бассейн бир нече күнгө жабылганын билдиришти. 

"Кечээ бассейндин суусу төгүлдү. 5-6 күндөн кийин ачылышы күтүлүүдө", — деп борбордон билдиришти. 

Жекшемби күнү, 10-июлда "Тартуга" эс алуу борборунун бассейнине сегиз жашар бала чөгүп кете жаздаган. Ал ооруканага эс учун жоготкон абалда жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0